Жаш муунду окууга үндөгөн «Китеп кербени» иш-чарасы Нарын облусунун Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейине келип жетти.

№15 кесиптик лицейинде окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айзат Жумалиеванын жетекчилиги астында, окуучулар тарабынан Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасы эң мыкты деңгээлде коюлду. Драма 468-группасынын жана 476-группасынын студенттеринин катышуусунда сахналаштырылып өткөрүлдү.

Лицейдин 468-группасынын аткаруусунда «Атанын тагдыры» драмасы мыкты деңгээлде өткөрүлдү

Иш чаранын негизги максаты китеп маселеси, азыркы учурда китеп көп окулбай жаткандыгы баарыбызга маалым, ошол себептен китеп окууну жакшыртуу, өсүп келе жаткан муунду китеп окууга үндөө жана кызыкчылыктарын арттырып китепти даңазалоо.

«Атанын тагдыры» драмасындагы Акылбек чал менен Оңолкан кемпирдин көрүнүшү»

Жаш балдар Жеңишбек, Сапай жана Борбуктун көрүнүшү

Сценарий учурунан

Акылбек чал менен кызы Майраштын көрүнүшү

Оңолкандын уулу Бошкой жана келини Зууранын көрүнүшү

№15 кесиптик лицейинде драма сахналаштырылып, салтанаттуу түрдө белгиленип көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Өткөрүлгөн иш- чара өз максатына жетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык