Жаштар арасында китеп окуу маданиятын кеңири жайылтууга арналган “Китеп кербени” акциясы 2023-жылдын 3-апрелде Сузак районундагы №36 кесиптик лицейинде болуп өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты жаштарды китеп окууга үндөө, китеп окуу менен бирге өздөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашын жакшы жакка калыптандырууга чакыруу болуп эсептелет.

Аталган саамалыкка мугалимдер жамааты жана окуучулар активдүү катышышып, бул иш-чаранын маанилүүлүгүн дагы бир ирет чагылдырып беришти.

Эстафеталык  майрамга  арналган  иш чарага:

Кыргыз Республикасынын  Билим берүү  жана илим министирлигинин   алдындагы  Республикалык  илимий-методикалык  борборунун, Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  бөлүм  башчысы  Курманалиева  Койсун Аблабековна,  Сузак райондук  мамлекеттик админстрация  башчысы  акимдин  орун  басары Камбарова Гулмира  Бекеновна , Ленин  айылдык кеңешинин  жооптуу  катчысы:  Мамарасулов Мамасыдык  Садыкович   жана  Жалал-Абад  областтык  кесиптик  лицейлердин  директорлору  өкүлчүлүктөрү катышышты. Алардын айтымында, өзгөчө жаштар арасында китеп окуу маданияты кеңири жайылууда. Бул маданият кеңири жайылуусу үчүн коомчулук китеп окуунун маанилүүлүгүн ар бир жаран кеңири түшүнүүсү керек. Ал үчүн китеп окууга арналган “Китеп кербени” акциясы чоң түрткү берээрин белгилешти.

Бул эстафета  №36 кесиптик лицейдин инженердик-педагогикалык жамааты жана таланттуу окуучулары  менен биргеликте майрамдык маанайда Базар-Коргон  районундагы №63-кесиптик  лицейине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык