Мемарандумга ылайык мындан ары аталган эки уюм Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда бир канча пункттар боюнча кызматташат.
Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасында педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстарынын маанилүүлүгү, тажрыйба алмашууларды уюштуруу, профессордук-окутуучулук курам менен алмашуу жана көптөгөн билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.