2023-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарындагы №94 кесиптик лицейинде Kорей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOIСА) менен кызматташуунун алкагында жабдылган окуу борборлорунун ачылышы болду. Иш-чарага Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOIСA), Билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык илимий-методикалык борборунун өкүлдөрү, айрым өнөктөштөр жана Бишкек шаарынын кесиптик лицейлеринин директорлору катышышты.

Эки компьютердик кабинеттен турган IT тармагы боюнча окуу борбору жана заманбап турмуш-тиричилик техникалары менен жабдылган «акылдуу үй» окуу борбору ачылып, келген меймандарга Kорей эл аралык кызматташтык агенттигинин ыктыярчылык программасы боюнча жүргүзүлүп жаткан эки тараптуу иштер менен тааныштыруу презентациясы көргөзүлдү.

Кореялык ыктыярчы Ха Ёнг Су “акылдуу үй” окуу борборундагы заманбап тиричилик техникаларын демонстрациялап берди жана  компьютердик кабинеттен электроника сабагында турмуш-тиричилик техникаларын оңдоо боюнча слесарь-электриктер тайпасынын окуучулары менен бирдикте жасаган иштери менен тааныштырды.

Окуу жайдагы бычмачы-тикмечи жана чачтарач бөлүмдөрүндө окуган окуучулардын өз колдору менен даярдалган кийим жана чач жасалгалар көргөзмөсү болду.

Соңунда иш-чаранын катышуучулары жалпы сүрөткө түшүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык