Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий- методикалык борбордун жылдык планына байланыштуу кесиптик башталгыч окуу жайларына жакындан методикалык жардам көрсөтүү иш чарасына  талап – наама берген окуу жайлар кирген. Ошондой окуу жайлардын катарындагы алыскы Чаектеги №26 кесиптик лицейи жана Куланактагы № 86 кесиптик лицейинин суроо – талаптарын канагаттандыруу максатында РИМБ дун эки кызматкери Т.Дондошов жана К.Жакыпова 20 декабрдан – 25 декабрга чейин методикалык жардам көрсөтүп кайтты. Чаектеги №26 кесиптик лицейи:  “Дуалдык окутуу технологиясы  жана уюштуруу тартиби” жөнүндө кайрылышкан.

Өндүрүштүк окутуунун устаттарына жана мугалимдерге, № 558/1 06.04. 2022 жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген “Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында дуалдык окутууну уюштуруунун тартиби” жөнүндөгү   Жобого таянып

кеңири маалыматтар берилди жана муктаждыктары канагаттандырылды.                                                                        

Алыскы региондордогу окуу жайлар дуалдык окутуунун элементтерин пайдаланып окутууда чоң өндүрүш болбогондон кийин кыйынчылыктар болуп жаткандыктарын билдиришти. Бирок ошого карабастан айрым кесиптер боюнча мисалга алсак, №26 КЛдин “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (мал чарба)  жана “Ашпозчу, кондитер” 10 айлык мөөнөттөгү окутуулары дуалдык окутуу элементтери менен жүргүзүлүп жатканына күбө болдук. 

Ал эми №86 кесиптик лицейинин инженердик -педагогикалык кызматкерлерине окуу – пландоочу документациялар жана өндүрүштүк окутууну уюштуруу, методикалары жөнүндө проблемалары бар жерлери боюнча  методикалык жардам көрсөтүлдү.  Өндүрүштүк окутуунун устаттары жана мугалимдери менен бирге окутуу процессин жакшы жыйынтыктуу пландоо, окутуу максаттарын түшүнүктүү так окуучуга багыттап аныктоо, баалоо инструменттери, окутуунун методикалары жөнүндө талкуулар болду.

Кайра байланыш үчүн машыктыруу максатында өндүрүштүк окутуу боюнча бир ачык сабак уюштурулуп, сабакты жалпы талкуулап дагы кандай болгондо жакшы сабак болору жөнүндө толуктоолор, сунуш пикирлер айтылды.   

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык