Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана аларды демилгелөө, ошондой эле жумушчу кесиптерге кызыгууларын арттыруу  максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунун 06.09.2023-жыл  №01-3/145 кайрылуусунун негизинде  Кесиптик билим берүү окуу жайларынын окуучулары арасында эссе сынагын өткөрүү сунушталган. Бул максатта эссе сынагын өткөрүүгө карата жобо иштелип чыгып, бардык КББ окуу жайларына жиберилген.

                 Жобонун негизинде эссе сынагы 2 этап менен өткөрүлүп, 1-тандоо этабында “Кесипти туура тандоо-келечекке ийгиликтүү кадам” темасы боюнча  62 окуучу катышты. 2023-жылдын 25-26-декабрында 1-этаптын жыйынтыгы чыгарылды. Алардын ичинен:

-Бишкек шаары – 5 окуучу  (№18, №20 кесиптик лицейлери);

-Чүй областы – 12 окуучу (№105, №106, №25 кесиптик лицейлери);

-Ысык-Көл областы – 6 окуучу (№2 кесиптик лицейи);

-Ош областы – 2 окуучу (№59 кесиптик лицейи);

-Талас областы – 4 окуучу (№13, №110 кесиптик лицейлери);

-Жалал-Абад областы – 27 окуучу (№45, №46, №69, №63, №68, №75, №60 кесиптик лицейлери);

-Баткен областы – 6 окуучу (№8, №73 кесиптик лицейлери) катышты.

                Эсселер жободо белгиленген 4 критерийдин негизинде бааланып, натыйжада 1-тандоо этабынан 11 окуучу  ийгиликтүү өтүштү.  Тандоо этабынан өткөн окуучуларга  РИМБдин  “Ыраазычылык каты” даярдалып, тапшыруусу күтүлүүдө.

                Тандоо этабынан өткөн 11 окуучунун ээселери массалык-маалымат каражаттарына жана РИМБдин сайтына жарыяланмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык