Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана аларды демилгелөө, ошондой эле жумушчу кесиптерге кызыгууларын арттыруу  максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунун 06.09.2023-жыл  №01-3/145 кайрылуусунун негизинде  Кесиптик билим берүү окуу жайларынын окуучулары арасында эссе сынагынын 2- өткөрүү сунушталган. Бул максатта эссе сынагын өткөрүүгө карата жобо иштелип чыгып, бардык КББ окуу жайларына жиберилген.

                 Жобонун негизинде эссе сынагы 2 этап менен өткөрүлүп, 1- этабында “Кесипти туура тандоо-келечекке ийгиликтүү кадам” темасы боюнча  61 окуучу катышты. 2023-жылдын 25-26-декабрында 1-этаптын жыйынтыгы чыгарылып, Конкурста жогору баа алган окуучулардын эмгектери Республикалык илимий-методикалык борборунун сайтына жана ошондой эле “Тил жана маданият “ гезитин  № 01-02 бетине  жарыяланды.          Окуучулар Республиканын ар аймагынан болгондуктан Бишкек шаарында жайгашкан №20 – кесиптик окуу-жайынын окуучусу Максатова Ширинди кабыл алып, Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчиси Карабаев Акпаралы Давлеталиевич гезит менен тааныштырып, борбордун өздүк  белегин   тапшырды.

Ошондой эле китеп менен дос болууга, китепти көп окууга,  өзүнүн кесиби (Гүл өстүрүүчү – ландшафтык дизайнер) боюнча профессионалдык жактан өсүп өнүгүүсү үчүн бардык аракеттерди эмитен баштоого ошондой эле көптөгөн сунуштары жана  идеялары менен бөлүшүп, мындан ары окуусуна албан албан ийгиликтерди каалап өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык