Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана аларды демилгелөө, ошондой эле жумушчу кесиптерге кызыгууларын арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунун 06.09.2023-жыл №01-3/145 кайрылуусунун негизинде Кесиптик билим берүү окуу жайларынын окуучулары арасында эссе сынагынын 2- өткөрүү сунушталган. Бул максатта эссе сынагын өткөрүүгө карата жобо иштелип чыгып, бардык КББ окуу жайларына жиберилген.
Жобонун негизинде эссе сынагы 2 этап менен өткөрүлүп, 1- этабында “Кесипти туура тандоо-келечекке ийгиликтүү кадам” темасы боюнча 61 окуучу катышты. 2023-жылдын 25-26-декабрында 1-этаптын жыйынтыгы чыгарылып, Конкурста жогору баа алган окуучулардын эмгектери Республикалык илимий-методикалык борборунун сайтына жана ошондой эле “Тил жана маданият “ гезитин № 01-02 бетине жарыяланды. Окуучулар Республиканын ар аймагынан болгондуктан Бишкек шаарында жайгашкан №20 — кесиптик окуу-жайынын окуучусу Максатова Ширинди кабыл алып, Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчиси Карабаев Акпаралы Давлеталиевич гезит менен тааныштырып, борбордун өздүк белегин тапшырды.
Ошондой эле китеп менен дос болууга, китепти көп окууга, өзүнүн кесиби (Гүл өстүрүүчү — ландшафтык дизайнер) боюнча профессионалдык жактан өсүп өнүгүүсү үчүн бардык аракеттерди эмитен баштоого ошондой эле көптөгөн сунуштары жана идеялары менен бөлүшүп, мындан ары окуусуна албан албан ийгиликтерди каалап өттү.