Республикалык илимий-методикалык борборунда кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планынын негизинде 2024-жылдын 01-09-февралына чейин Ош технологиялык университетинин алдындагы Гуманитардык-технологиялык колледжинин базасында 1-жолу өз жеринде (выездной)  “Кесиптик орто окуу жайларында билим берүү процессин модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу” темасында 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү.

               Курс аталган окуу жайдын администрациясынын атайын буйрутма өтүнүчү менен өткөрүлдү. Курска 45 угуучу катышты, анын ичинде: илимдин докторлору, кандидаттары, доценттер да квалификациясын жогорулатышты.

               Темага ылайык курсту өткөрүү үчүн тренерлер Ош мамлекеттик университетинен чакырылды, алар: педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун алдындагы мугалимдердин билимдерин жогорулатуу борборунун директору-Т.А.Джороев жана ушул эле ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент-Н.А.Мапаевалар.

                Курска угуучулар абдан кызыгуу менен катышты. Окутуучулар лекциялардын жана практикалык иштердин жүрүшүндө өздөрүн  кызыктырган суроолорду беришип, курстун жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө чоң салымдарын кошушту. Өз мезгилинде тренерлер сабактарды угуучулардын суроо-талаптарына жараша кызыктуу, жөнөкөй турмуштук мисалдар менен жеткиликтүү өткөрүү үчүн өздөрүнүн мыкты иш-аракеттерин жумшашты.

                 Курс аяктагандан кийин атайын үлгүдөгү сертификаттар тапшырылып, окутуучулар, колледждин администрациясы жакшы каалоолорун айтышты жана курсту ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

                 Кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун сапатын мындан дагы арттыруу, жакшыртуу максатында колледждин окутуучуларынан анкета алынып, натыйжада ушул эле жылдын аягына чейин дагы бир курс өткөрүү боюнча суроо-талаптарын билдиришти.      

Кесиптик орто окуу жайларынын

педагогикалык кызматкерлеринин

  квалификациясын жогорулатуу бөлүмү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык