Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунун демилгеси менен 2024-жылдын 02-март күнү Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы №85-кесиптик окуу жайында семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Семинар – кеңешменин максаты: Ысык-Көл аймагындагы № 2-, 14-, 22-, 42-, 55-, 81-, 82- жана 85-кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайларында эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүчү квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоодогу көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору  боюнча методикалык жардам көрсөтүү.

Семинар-кеңешменин күн тартибинде каралган маселелер:

  1. -КБББ окуу жайларында эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу, компетенттүү кесиптик адистиктерге даярдоонун актуалдуу маселелери.

    -Окуу программаларын иштеп чыгуу жана мазмунун жаңылоо.

    -Дуалдык окутуу технологиясы боюнча методикалык көрсөтмөлөр (инструкциялар).

    2. КБББнын окуу-тарбиялык иштерин өркүндөтүү.

    3. КБББ окуу жайларынын жетекчилеринин жана педагогикалык курамынын квалификациясын жогорулатуу жана анын келечектеги перспективалары.

    4. Талкуулар, суроо- жооптор.

    Семинар-кеңешме сегиз окуу жайдын жетекчилери, окуу-өндүрүштүк жана методикалык иштер боюнча директордун орун басарлары, Ысык-Көл районунун администрациясынын орун басары жана Республикалык БКББ башкармалыгынын төрайымы Г.Мамырованын онлайн катышуусунда өттү. Катышуучулар семинар-кеңешмеде кеңири баарлашып, талкууларды жүргүзүү үчүн эки секцияга бөлүнүп иш алып барылды.

    1-секция окуу жайдын жетекчилери менен РИМБнын директору А.Д.Карабаев Ысык-Көл аймагындагы өндүрүүчүлөр, алардын окуу жайлар менен болгон байланышына анализ жасоо менен аймактын керектөөсүн аныктоо, жаңы адистиктерге даярдоо, окутуунун сапатын камсыздоо тууралуу баарлашуу болду. Ошондой эле мамлекеттик саясатты ишке ашырууда инсандык патриоттук тарбия берүүгө салым кошуу максатында Ысык-Көл аймагына “Таштандысыз  таза аймак” акциясы   жарыяланды.

    2-секция боюнча окуу-өндүрүштүк жана методикалык иштер боюнча директордун орун басарларына РИМБнын директорунун орун басары А.Саттарова жана РИМБнын методисти К.Жакыпова катышышты. Бул секцияда А.Саттарова эмгек рыногун изилдөө, жашыл экономика, кредиттик технология системасына көнүгүү боюнча маалыматтарды берди жана темалар талкууланды.

    -К.Жакыпова окутуу процессин пландаштыруу, окутуу жыйынтыктарын баалоо, дуалдык окутуу технологиялары жөнүндө жана анын уюштурулушу боюнча маалыматтарды берди.

    Семинар-кеңешменин акырында катышуучулар пайдалуу маалыматтарды алышкандыктарын, белгиленген маселелер боюнча өз окуу жайларында иш алып бара тургандыктарын белгилеп өтүштү.

    Ал эми семинар-кеңешменин  аягында райондук администрациянын орун басары мындан ары окуу жайлар менен тыгыз байланышта иштеп, аларга көмөк көрсөтүү боюнча иш-аракеттер алынып барылаары тууралуу жылуу пикирин билдирди.

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    язык