Республикалык илимий-методикалык борборунда 2024-жылдын 26-февралынан 06-мартына чейин Кесиптик орто окуу жайларынын директорлорунун орун басарлары, кафедра жана бөлүмдөрдүн башчылары үчүн кезектеги курс өткөрүлдү.

               Курс “Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары” деген темада уюштурулду. Аталган курска 36 угуучу катышып, алар: Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй областтарынын жана басымдуу Бишкек шаарынын кесиптик орто окуу жайларынан угуучулар келишти.

               Угуучулар өздөрүнүн мыкты педагогдук сапаттары менен айырмаланышып, абдан активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Лекциялык жана практикалык сабактардын учурунда өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, тренерлер тарабынан тиешелүү жоопторду алышты.

               Курска угуучулар ар кайсы профилдеги орто окуу жайларынан келишкендиктен, курстун темасынан тышкары өздөрү үчүн да абдан пайдалуу, зарыл кошумча маалыматтарды, түшүнүктөрдү алышып, курс абдан кызыктуу жана жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Курс аяктагандан кийин угуучуларга 72 сааттык окуу планын аткаргандыктарын жана программаны өздөштүргөндүктөрүн тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.

               Угуучулар өткөрүлгөн курстун жана тапшырылган сертификаттардын деңгээлдерин жогору баалашып, кийинки кезектеги курстар боюнча маалыматтарды өз убагында берип турууну жана тиешелүү педагогдук кызматкерлердин катышуулары сөзсүз зарыл экендигин белгилешти.

              Акырында курстун катышуучулары РИМБдин жетекчилигине жана курсту өткөргөн жооптуу адистерге терең ыраазычылыктарын жана жакшы каалоолорун билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык