Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, 2023-жылдын  сентябрь айында башталган Республикалык илимий-методикалык борборундагы алгачкы кайра даярдоо курсу аяктады. Натыйжада 82 бүтүрүүчүгө педагогдук ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укук берген күбөлүктөр салтанаттуу түрдө тапшырылды.

                 2024-жылга карата кезектеги кайра даярдоо курсуна 63  окутуучу арыз менен кайрылышты. 2024-жылдын 11-марттагы конкурстук комиссиянын отурумунда  3 окутуучу гана конкурстан өткөн жок, калган 60 окутуучу конкурстан ийгиликтүү өтүштү.

                 Азыркы мезгилде катталган окутуучулардын кайра даярдоо курсун кайсы тилде окуй тургандыгы такталууда. Окуу адегенде 2-3 күн офлайн өткөрүлүп, тренерлер менен угуучулардын өз ара таанышуусу жүргүзүлөт жана андан кийинки онлайн окуунун шарттары макулдашылат.

                 Өткөн жылдагы курстан айырмаланып,  быйылкы курска Кесиптик орто билим берүү окуу жайларынан да окутуучулар курстан өтүүгө өз каалоолорун билдиришти. Эске салсак, мурунку курска жалаң гана кесиптик лицейлердин окутуучулары катышкан эле.

                Курсту педагогика тармагында билим, түшүнүктөрү абдан жогору жана бул боюнча илимий даражалары бар-илимдин кандидаттары, доценттер жана профессорлор алып барышат.

                Сөзүбүздүн аягында 2024-жылдагы курска катталган окутуучуларга аталган курска активдүү катышуу менен чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык