Кесиптик орто окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча кезектеги курс Ош мамлекеттик Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайында өз жеринде өткөрүлдү. Курс  “Педагогикалык чеберчилик” темасында өттү. Курс 2024-жылдын 08-17-апрелине чейин өткөрүлүп, ага 35 окутуучу катышты.

Курстун өз жеринде өткөрүлүшүнүн себеби: бул мезгилге чейин РИМБ аркылуу өткөрүлгөн курска аталган окуу жайдын окутуучулары катышкан жана алар курстардын деңгээлин абдан жогору баалашкан эле. Мына ошонун негизинде окуу жайдын администрациясы РИМБдин жетекчилигине кезектеги курсту өз жеринде өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган курсту өз кесибинин эң мыкты устаттары: педагогика илимдеринин доктору, профессор-Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаев жана педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу-Айтикан Раимжановна Кыдыралиевалар өткөрүштү.

Окуу планынын мазмунуна ылайык коюлган темалар окутуучуларга тренерлер тарабынан абдан терең жана мазмундуу берилип, натыйжада угуучулардын зор кызыгуусун жаратты. Өз кезегинде окутуучулар да сабактарга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти жана абдан жеткиликтүү, толук  жоопторду ала алышты.

Курстун жүрүшүндө угуучулар ушул темадагы, дегеле педагогика жаатындагы билимдерди, түшүнүктөрдү жана маалыматтарды үзгүлтүксүз  алуу-мезгилдин талабы экендигин айтышты.

Окутуучулардын басымдуу бөлүгүндө педагогикалык билими болсо да, аталган курста берилип жаткан билимдер, маалыматтар азыркы мезгилдеги заманбап педагогиканын маселелери экендигине ынанышты.

Чындыгында азыркы учурда окутуучулар кесипкөй адистерди даярдоодо абдан көп көйгөйлөр болуп жаткандыгын жана ушул көйгөйлөрдүн алдын алууда аталган курстагы берилип жаткан билимдердин, маалыматтардын сөзсүз жардамы тие тургандыгын белгилешти.

Курс аяктаганда 35 окутуучуга сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Андан кийин аталган окуу жайдын директору-Каримов Нурлан Тентимишевич жана айрым окутуучулар тарабынан РИМБдин администрациясына, курсту өткөргөн адистерге терең ыраазычылыктарын билдиришип, ийгиликтерди каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык