Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана аларды демилгелөө, ошондой эле жумушчу кесиптерге кызыгууларын арттыруу  максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунун демилгеси менен 06.09.2023-жыл  №01-3/145 кайрылуусунун негизинде  Кесиптик билим берүү окуу жайларынын окуучуларынын арасында эссе сынагын өткөрүү сунушталган. Бул максатта эссе сынагын өткөрүүгө карата жобо иштелип чыгып, бардык КББ окуу жайларына жиберилген.

Жобонун негизинде эссе сынагы 2 этап менен өткөрүлүп, 1-этабында “Кесипти туура тандоо-келечекке ийгиликтүү кадам” темасы боюнча  61 окуучу катышты. 2023-жылдын 25-26-декабрында 1-этаптын жыйынтыгы чыгарылып, “эң жакшы” деген баага татыктуу болгон эсселер РИМБдин сайтына жана “Кут билим”, “Тил жана маданият” гезиттерине жарыяланган жана  ал окуучуларга “Ыраазычылык каттары” жөнөтүлгөн.  

Эссенин 2-этабы 2024-жылдын 01-февралында “Эмгек-адамдын жашоосунда” деген темада башталып,  03-апрелде жыйынтыгы чыгарылды.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү критерийлердин негизинде аныкталды:

1. Эссенин толуктугу жана мазмуну;

2. Тууралап формалоо талаптарын сактоо;

3. Логикалык, негиздүү баяндоо, автордун позициясы;

4. Эссенин стили жана сабаттуулугу.

Сынакка жалпысынан 59 эссе келген. Окуучулар эмгектерин мамлекеттик жана расмий тилдерде жөнөтүштү. Активдүү катышкан КЛ төмөндөгүлөр:

Чүй облусу – 11 окуучу;

КЛ № 105, 37, 25.

Ысык-Көл облусу – 10 окуучу;

КЛ № 2, 22, 14.

Ош облусу – 25 окуучу;

КЛ № 54, 59, 16, 12, 109, 65.

Талас облусу – 3 окуучу;

КЛ №110, 14, 41.

Жалал-Абад облусу – 4 окуучу;

КЛ № 108, 77.

Баткен облусу – 3 окуучу;

КЛ №70.

Нарын облусу – 3 окуучу;

КЛ №26, 87.

Айрым окуу жайдын окуучулары жиберген эмгектер өткөн жок. Себеби сынактын  жобосунун талаптарына жооп берген жок.

Окуучулар өздөрүнүн жазган эсселеринде чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, ошондой эле ишке жана тандап алган кесибине карата өз позициясын билгичтик менен бере алышты.

Жыйынтыгында комиссия катышуучулардын сынактык иштерин карап чыгып, берилген иштердин ичинен эң мыкты 10 эссени аныктады.

Сынактык комиссия төмөндөгү окуучулардын иштерин “эң жакшы” деп баалады:

Чүй облусу:

КЛ №105 – Каарова Нигина – 9,5 балл;

КЛ №105  – Бейшенбеков Мухамед – 9,75 балл

КЛ №37  – Тур Анна Алексеевна – 9,75 балл;

-Ысык-Көл облусу:

КЛ №2  – Акматова Малика – 10 балл;

КЛ №22  – Жээнгазиев Аманкелди – 9,75 балл;

КЛ №14 – Стрижеус Илья – 9,5 балл;

-Ош шаары:

КЛ №16  – Белекова Кызжибек – 9,5 балл;

-Жалал-Абад облусу:

КЛ №108  – Сатыбаев Адахан – 9,2 балл;

-Нарын облусу:

КЛ №87  – Кенжебаева Бегимай – 9 балл;

КЛ №26 – Уланова Айзура – 9,5 балл.

Эссе сынагынын экинчи этабынын жыйынтыгы РИМБдин сайтына жана массалык-маалымат каражаттарына «Тил жана маданият», «Кут билим» гезиттеринин беттерине жарыяланат, ошондой эле жеңүүчүлөр диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Мындан тышкары калган катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн “Ыраазычылык каттары”   тапшырылат.

Уюштуруу комитети

Один комментарий к ““Эмгек – адамдын жашоосунда ” аттуу темада өткөрүлгөн Республикалык эссе сынагынын экинчи этабынын жыйынтыктары боюнча МААЛЫМАТ”
  1. Саламатсызбы мага ыраазычылык каты келген эместа 1турдуку да эмнеге

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык