Республикалык илимий-методикалык борборунун демилгеси менен кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларынын окуучуларынын арасында  “Менин келечектеги кесибим” аттуу сүрөт сынагы жарыяланган. Сынак 2024-жылдын 15-февралынан 01-апрелине чейин өткөрүлдү.

Сынактын максаты:

  • Окуучулардын жумушчу кесиптерге кызыгууларын арттыруу;
  • Жумушчу кесиптердин жана адистиктердин аброюн көтөрүү;
  • Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана таланттарын өстүрүү;
  • Кесиптик ишмердүүлүккө кызыгууларын жана умтулууларын өнүктүрүү;
  • Жөндөмдүү жана таланттуу окуучуларды колдоо жана сыйлоо.

                Сүрөт сынагына 16 кесиптик лицейлердин окуучулары катышты жана алардан 81 сүрөт сынак комиссиясына жиберилди. Алдын-ала тандоодон №70-кесиптик лицейинин окуучуларынын сүрөттөрү өткөн жок, себеби жиберилген иштер сынактын жобосунун талаптарына жооп берген жок. Башкача айтканда, бул сүрөттөр электрондук вариантта аткарылган.

                Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар 3 төн ашык эмес иштерди жиберүүлөрү керек болгондуктан, комиссиянын кароосуна 45 сүрөт келди.

                Комиссия эн жакшы иштерди тандоодо төмөндөгү критерийлерге таянды:

  • Чыгармачылыгы, автордук идеясы жана оригиналдуулугу;
  • Берилген тематикага шайкеш келиши;
  • Чеберчилиги жана аткаруу техникасы;
  • Көркөм-эстетикалык ой толгоосу;
  • Автордук аткаруунун оригиналдуулугу жана теманы ачып берүүдөгү тереңдиги;
  • Эмоционалдуулугу, образды чагылдыруусу, таасирдүүлүгү;
  • Түстөрдү пайдалана билүүсү.

                Жыйынтыгында, сынактык комиссия төмөндөгү окуучулардын иштерин “эн жакшы” деп баалады:

-№22-КЛ – Орозов Марлиз;

-№110-КЛ – Турарова Айзирек;

-№20-КЛ – Бектемиров Зиябидин, Нурдинова Мелихан;

-№94-КЛ – Кубанычбекова Айжамал;

-№54-КЛ – Искендеров Азамат;

-№10-КЛ – Бекболотова Акбермет;

                Сынактын жыйынтыгы менен жогорудагы окуучулар Республикалык илимий-методикалык борборунун Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланат.

               Мындан тышкары, “жеңүүчү” деп табылган сүрөттөр атайын жасалгаланып, рамкага салынып РИМБдин сайтына жайгаштырылат жана дубалына илинет.

                                                                                     Уюштуруу комитети

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык