2024-жылдын 18-27-апрелине чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Кесиптик колледжинде кезектеги курс өткөрүлдү. Курстун темасы: “Педагогика жана психология”, көлөмү-72 саат, окутуунун түрү-офлайн.

                Бул курс аталган колледждин администрациясынын РИМБдин директору-А.Д.Карабаевдин наамына жазган кайрылуусунун негизинде Кесиптик колледждин базасында өттү. Окутуучулар ушул курстан өтүүгө абдан кызыгышып, натыйжада угуучулардын саны-38ге жетти.

                 Курсту бул мезгилге чейин өткөрүлүп келген квалификацияны жогорулатуу курстары боюнча кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин мактоолоруна жана ыраазычылык сөздөрүнө ээ болгон мыкты тренерлер өткөрүштү. Алар: К.Д.Добаев-педагогика илимдеринин доктору, профессор; А.Р.Кыдыралиева-педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, К.С.Бообекова-педагогика илимдеринин кандидаты, Ph, D жана психолог.

                 Азыркы мезгилдеги жаштардын жүрүш-турушу, кулк-мүнөздөрү жана  билим алууга кызыгуулары кесиптик орто билим окуу жайларындагы окутуучулар үчүн белгилүү көйгөйлөрдү жаратып жаткандыктан кесиптик колледждин жетекчилиги атайын ушул теманы тандагандыктарын белгилешти.

                 Окутуучулар бардык лекциялык жана практикалык сабактарды абдан кызыгуу менен кабыл алышты жана абдан активдүү катышышты. Сабактардын жүрүшүндө алар өздөрүн кызыктырган, көйгөйлүү суроолорду беришип, тренерлер тарабынан толук жоопторду, маалыматтарды алышты. Өз убагында тренерлер лекцияларды жана практикалык сабактарды өтө жогорку чеберчилик менен өткөрүп беришти. Ар бир сабак кол чабуулар менен коштолуп, окутуучулардын айткандарынын негизинде жогорку деңгээлде өттү.

                 Кесиптик колледждин жетекчилиги да курстун ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп, педагогикалык кызматкерлерди сабактарга жана башка иш-чараларга алаксытпай, курска толук катышууларын камсыз кылышты.

                 Курсту аяктагандан кийин бардык 38 угуучуга салтанаттуу түрдө мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды. Салтанаттуу тапшыруудан кийин колледждин окутуучулары РИМБдин директору-А.Д.Карабаевге жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн адистерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Кесиптик орто билим берүү бөлүмү       

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык