Үстүбүздөгү  жылдын  29-майында   Бишкек шаарындагы №18-Кесиптик лицейинде  «Кесиптик  билим берүүнүн  баалуулугу»   жана «Билим берүү жана илим  министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан уюштурулган   “ Китеп  кербени “  проектисинин алкагында иш–чара болуп өттү. Китеп  Кербенинин  негизги  өткөрүү  максаты:  Жаш  муундарды китеп окууга  тарбиялоо балдардын убактысын туура пайдаланууга  көндүрүү болуп саналат.

   Аталган иш-чарада Бишкек шаарындагы №18-Кесиптик лицейинин директору Орунтаев Т.Д.  куттуктоо сөзү менен жалпы катышуучуларды  жарык маанайда тосуп алды. Ал  ѳз сѳзүндѳ   «Биздин окуу жайыбыз «Китеп кербени» акциясын  утурлай  китеп куржунун Бишкек шаарындагы №17-Кесиптик лициейинен ѳткѳзүп алганбыз.  Ошол убакыт аралыгында  студенттер окуган китептерин талкуулашып, ал эми окуучулар китеп окуунун пайдасы, инсандык ѳсүшүнѳ,  кесиптик жактан ийгиликке жетүүдѳ  зор тарбиясы бар экенин түшүнѳ алышты.  Бул акциянын максаты да ушу эле.  Азыркы  биздин келечек болгон жаш муундарга   китептин  маанилүүлүгүн, баалуулугун, китеп биздин жан дүйнѳбүздү ача тургандыгын,  канчалык китеп кѳп окуса баланын жашоо турмушуна курал экендигин  далилдѳѳ экендигин баса айта кетти.

  Андан кийин Республикалык илимий-методикалык борборунун инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин билимин жогорулатуу бѳлүмүнүн башчысы Курманалиева Койсун Абылабековнага  сѳз кезеги узатылды.   Койсун  Абылабековна: Акция Кыргызстандын бардык аймактарындагы кесиптик билим берүү мекемелеринде болуп келе жатат. Ал жаштарды китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана аймактардагы китеп тартыштыгын жоюуга багытталат. Бул иш-чаранын максаты жаштарды китеп окууга кызыктыруу, экинчиден туура кесип тандоого багыт берүү деди ѳз сѳзүндѳ.

 Андан соң  «Китеп кербени» акциясынын шарты боюнча  эстафетаны ѳткѳрүп берүү үчүн  Бишкек шаарындагы №20-Кесиптик лицейинин директору   Тѳрѳбаев Максатбек Жакшылыковичти  сахнага чакырып салтанаттуу түрдѳ китеп куржуну ѳткѳрүлүп берилди.

 Ошондой лицейде  окуучулар менен  брифинг ѳткүрүлүп,  Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал актерлер Самат Эркинбек уулу,  Жаныш Майрамбеков, Усенбаев Эркин, Эрмек Таалайбеков блогерлер Умар Даданов,  Төрөгельдиев  Руслан  катышып, кызыктуу маек, диспут уюштурулду.  Брифингде   китеп окуунун адамдын аң-сезимине жана өсүшүнө тийгизген таасири, заманбап дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгү, карьераны баштоодон мурун  ишенимсиздик , коркуу жана аларды кантип жеңүү керек деген темада   иш –чара уланды.

Окуу жайында кош майрамга карата китеп жана окуучулардын  ѳз колдору менен жасалган татуу азыктар, коктейлдер, тамаш-аштардын  көргөзмөлөрү уюштурулган жана концерттик программа көрсөтүлдү. Кеченин соңунда №18-Кесиптик лицейинде келген конокторго   экскурсия уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык