№63 Кесиптик лицейде Жалал-Абад облусундагы кесиптик лицейдин  директорлору, окуу өндүрүштүк жана методикалык  иштер боюнча директордун орун басарлары менен биргеликте “КБББ тармагында окутуу сапаты: билим берүү траекториясы, жаңы багыттар жана ыкмалар” деген темада семирнар-кеңешме  болуп өттү.

             Семирнар-кеңешменин максаты: КБББ окуу жайларындагы билим берүү сапатын жакшыртууну – окутуу мазмунун жаңылоо, окуу-тарбия ишин өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилени түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле кредиттик технологияны, дуалдык окутууну уюштуруу аркылуу камсыздоо болуп саналат.

Семинардын катышуучулары: Жалалабат областынын кесиптик лицейлеринин директорлору, директордун окуу-өндүрүштүк жана усулдук иштеринин орун басарлары.

Семинар-кенешмеде  Республикалык илимий-методикалык борборунун директорунун орун басары Саттарова А.Н жана жетектөөчү адис Дондошов Т.А. төмөнкүдөй темалар менен иш алып барышты:

  • «КБББ окуу жайларында мгек рыногунун талаптарына ылайык билим берүү сапатын камсыздоо. Окуу программаларын иштеп чыгуу  жана  окутуунун мазмунун жаңылоо».
  • «Окутуунун кредиттик технологиясын КБББ тармагына жайылтуу: өзгөчөлүгү, максаттары жана күтүлүүчү жыйынтыктары».
  • «КБББ окуу жайларында дуалдык окутууну уюштуруу жана социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү»

«КБББнүн окуу-тарбиялык иштерин уюштуруу, окуучулардын санарип жана экологиялык сабаттуулугун өркүндөтүү». Германиянын табятты коргоо союзу (NABU) коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын өкүлдөрү менен биргеликте окуучулардын экологиялык сабаттулун камсыздоо боюнча кеңири баяндама берилди жана 108 кесиптик лицеинин бул уюм сенен жүргүзүп жаткан иш аракеттеринин тажрыйбасы менен бөлүшүшүп, “Экологиялык билим берүү – экологиялык маданияттын калыптанышы, биздин иштин бирден бир флагманы”- деген тема боюнча кеңири омаалымат берип пикир алмашуу болду.

  •  «КББ окуу жайларынын жетекчилеринин жана педагогикалык курамынын квалификациясын жогорулатуу аркылуу окутуу сапатын жакшыртуу (жаңы ыкмалар – СКАФФОЛД карточкалары)» – темасы боюнча № 36 кесиптик  лицейдин  мугалим – устат  Жаркынбаева Г.С. түшүндүрдү.

Семинар кеңешменин ишин жыйынтыктоодо суроо-жооп, талкуу жүргүзүлүп кесиптик окуу жайлардын алдына окутуу сапатын жогорулатуу, окуу процессин жакшыртуу, окутуу технологияларын (кредиттик технология, дуалдык окутуу ж.б) колдонуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык