2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борборунун демилгеси менен уюштурулду жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде өттү.

Форумдун максаты: Окуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана активдүү жарандык позициясын калыптандырууга багыттоо.

Жаштардын адамгерчилик сапаттарын өнүктүрүү аркылуу дүйнөгө оң мамилелерин калыптандыруу.

Азыркы соцмаданий шартка ыңгайлашууга жөндөмдүү, ыймандуу инсанды калыптандыруу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 24-июлундагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” ПЖ №313 Жарлыгына жана Министрликтин 2024-жылдын 30-апрелиндеги “Башталгыч кесиптик окуу жайларында тарбия иштерин уюштуруу Жобосун бекитүү жөнүндө” №677/1 буйругунун негизинде башталгыч кесиптик окуу жайларында тарбия иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча сапаттуу жана натыйжалуу ишмердүүлүктү камсыз кылуу керектиги жөнүндө Республикалык илимий-методикалык борбордун директору А. Карабаев билдирүү жасады.

Негизги докладчик Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Мадеминов Гапыр Маматкулович болду.

         Г.Мадеминов, тарбиянын жан-дүйнөгө жана мүнөзгө болгон таасири жөнүндө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоодо алдын ала  иш аракеттери жөнүндө жана билим берүү уюмунун тарбиялык иштеринин максаты болуп окуучулардын активдүү жашоо-турмушу, интеллектуалдык, социалдык-маданий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүндөгү муктаждыктарын максималдуу канааттандыруу үчүн алардын өзүн-өзү аныктоосу жана ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү болуп санаалары жөнүндө, жалпы эле тарбияы багытында билдирүү жасады.

Андан сырткары Бишкек шаарында жайгашкан бир нече кесиптик лицейлердин мугалимдери жана окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Атап айтсак №98 кесиптик лицейдин окуучулары кесип алууга, окуучулардын ар тараптуу калыптанышына ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу сахналаштырылган көрүнүштү көрсөттү.

№20 КЛ окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Молдобаева Венера Чагалдаковнага “Үгүттөөгө караганда үлгү жакшы таасир этет”-деген тема боюнча билдирүү жасады. Улуттук наркты, каада-салттарды, үрп адаттарды сактоо жана келечек муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат. №10 КЛ өндүрүштүк окутуу устаты Жеенбекова Лира Бабырбековна билдирүү жасады.

Чүй облусуна караштуу №43 КЛ окуучулары “Жаштар маршы” (обону: Аксуубай Атабаев) ырын хор аткарып беришти.

 №99 КЛ окуучулары мамлекетибиздин жаштарына КАЙРЫЛУУ жасашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык