Республикалык илимий- методикалык борбор 29 августта 2024- 2025 окуу жылына арналган кезектеги август  кеңешмесин вебинар формасында “БКББ системасында кесиптик даярдоонун сапаты: окутуунун мазмуну, инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу” аталышында өткөрдү.

Вебинар кеңешмеге Республикадагы баштапкы кесиптик окуу жайларынын 150 дөн ашык кызматкерлери  жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү:

Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” программасынын жетектөөчү адиси – Аджиходжаева А.Н;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Мамлекеттик Агенттигинин бөлүм башчысы – Б.М. Жунусов катышты.

Вебинар кеңешменин жыйынында төмөнкүдөй маселелер каралды:

  1. БКБОЖдагы окутуунун мазмунун модернизациялоо:
  2. КБББ ОЖдагы билим берүү сапатын окутуунун мазмунун жаңылоо аркылуу камсыздоо (ОМК иштеп чыгуу).
  3. Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын окутуу процессине кредиттик технологияны киргизүү (10 айлык окуу мөөнөтүндөгү адистиктер боюнча окуу пландары, талаптар);
  4. «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча 2019 жылы иштелип чыккан Жобого кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү (жумушчу топ);
  5. «Санариптик сабаттуулук» предметин жалпы кесиптик циклге киргизүү;
  6. Дуалдык окутуунун алкагында окуучулардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү.
  7. Билим берүү чөйрөсүн санариптештирүү (электрондук билим берүү ресурстары)
  8.  БКББ тармагындагы педагог кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун заманбап талаптары жана технологиялары.
  9. «SCAFFOLD» компетентүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн.
  10. Тарбиянын жан дүйнөгө жана мүнөзгү болгон таасири.
  11. БКББОЖ окуучулардын жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү. “Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношу” колдонмосу менен тааныштыруу.
  12. Профориентация – кесиптик кызыгуу жана көндүмдөрдү жогорулатуу куралы.
  13. Жыйынтыктоо. Суроо- жооп

Катышуучулар дуалдык окутуунун элементтеринде окутууну уюштуруу боюнча № 3, № 37 кесиптик лицейдин тажрыйбаларын окуу жайдын өкүлдөрүнүн баяндамасын угуштужана кайтарым байланышта суроолоруна жооп алышты.

Баштапкы кесиптик билим берүү системасындагы педагогикалык кызматкерлери ар бир каралган маселе боюнча суроолорун берип кызуу талкуу менен коштолду. Атап айтсак баардык категориядагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоодо    окуучуларды Инфакомдо каттоо, жумушчу орунда окутууда жумуш берүүчүлөр менен өнөктөштүк тажрыйбалары, кредиттик технологияларда окутууда окуучуларды рейтингдик баалоо боюнча суроолор болду. Конференцияга башка өнөктөш уюмдун өкүлдөрү дагы  катышкандыктан маселелерди чогуу чечмелеп окуу жайларга жардам көрсөтүү жакшы маанайда өттү. Мындай өткөрүлгөн конференция окуу жайлардын жаңы окуу жылына пландоо иштерин жүргүзүүгө  жакшы багыттарды көрсөтөт деген ойдобуз. Жыйындын аягында катышуучулардын сунуштарын, ой пикирлерин эске алуу менен резолюция кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык