Салтанаттуу линейкада окуу жайдын директору Ишекеева Элионора Жумабековна студенттерге жана ата-энелерге лицейде даярдала турган кесиптер жөнүндө жана окуу жайы сунуштаган мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди. Ал мүмкүнчүлүктөрдүн бири Бавария кесиптик окуу жайы менен болгон студент алмашуу иш чарасы деп белгилеп кетти. Аталган уюмдун өкүлү Йоханес Мюнх мырза чогулуштун катышуучуларын кызуу куттуктап мындан ары кызматташуу алкагында тажрыйба алмашуу уюштурула турганын билдирди. Ошондой эле окуу жайдын директору лицейде былтыр башталган Корей тилин бекер окутуу быйылкы жылы дагы уланып, жаңы деңгээлге чыгышы күтүлөөрү жөнүндө билдирди.
Иш чаранын жүрүшүндө Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчисинин орун басары Саттарова Алымкан Ногойбековна сөз сүйлөп, кесипкөй адистерди даярдоодо окутуу сапатын камсыздоо үчүн окутуунун мазмунуна өзгөчө көңүл буруу керек экендигин айтты.
Линейканын аякташы менен окуучулар класстарга бөлүнүп Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган “Кыргызстандын негиздөөчү аталары” деген ачык сабактар өтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык