Сентябрь айындагы ишембилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилиндеги тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү” жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, КР Билим берүү жана илим министрлиги “Ишембилик өткөрүү” жөнүндөгү 2024-жылдын 11-сентярында №1413/1 буйругун жарыялаган. Буйрукту аткаруу максатында 14 – сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Билим берүү жана илим минстирлигине караштуу Республикалык илимий – методикалык борбордун жетекчиси А.Карабаевдин баштоосунда ишембиликти жогорку уюшкандыкта өткөрүштү. Ишембиликте РИМБдин кызматкерлери, Бишкек-Кара-Балта жолундагы МАИ постунан тартып жүк ташуучу унаалардын салмак пункутуна чейинки (дареги боюнча Гавриловка айылына) аралыкты таштандылардан арылтуу ишин ийгиликтүү аякташты. Жалпы элдин маанайы майрамдагыдай  ишембиликти ынтымакта өткөрүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык