Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу курсу  2024-жылдын 16-сентябырынан 25-сентябырына  чейин  “Жумуш ордунда окутуу (ЖОО) , дуалдык окутуу жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу” темасында Республикалык илимий-методикалык борбордун  базасында өткөрүлдү.          Квалификациясын жогорултуу курсуна баардыгы 30 угуучу катышты, анын ичинен  22 аял жана 8 эркек. Курстун көөлөмү  72 саат. Курска кафедра башчылары,бөлүм башчылары,окуу-тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышты.         Кафедра башчыларынын,бөлүм башчыларынын, окуу-тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу,педагогика  тармагында кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү, дуалдык окутууну өздөштүрүү жана жумуш ордунда жайылтуу   максатында,тренерлерден компетенттүүлүктүн негизинде окутуу боюнча координатор Боконбаева Ж.К., профессор Эсенгулова М.М., С.Ибраимов атындагы агротехникалык колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматсияева Г.Д., С.Ибраимов атындагы агротехникалык колледждин окутуучусу Турдубаева Ч.Б.тартылды.         Тажрыйба алмашуу максатында 24-сентябрьда  угуучулар Бишкектеги  архитектура жана курулуш колледжине барышты          Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 25-сентябырында  РИМБнун  базасында РИМБнун директору Карабаев Акпаралы Давлеталиевичтин катышуусунда  өткөрүлдү.         Угуучулар сертификаттарын алышып, РИМБ нун жамаатына ыраазычылык билдирүү менен жыйынттыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык