2024-жылдын 7-октябырынан 16-октябырына чейин Республикалык илимий-методикалык борборунда  пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча “Педагогика жана психология” багытында курс башталды.

          “Педагогика жана психология” багытындагы курс  орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  2024-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.

          Курс Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдерин камтыды (Ош ,Баткен,Жалал-Абад,Талас , Ыссык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан). Угуучулардын арасында медицина,билим берүү,спорт тармагында эмгектенген өкүлдөр жана  алардын арасында доцент, педагогика жана медицина илимдеринин кандидаттары,  жана окутуучулар бар.

          Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу,педагогика жана психология тармагында кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, жаштарга жаш куракка байланыштуу психологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүн,алардын калыптанышынын негизги факторлорун үйрөтүү максатында, тренерлерден доцент , кафедра башчысы  Кыдыралиева А.Р., профессор Добаев К.Д., ага  окутуучу Бообекова К.С. тартылды.

        Курстун жыйынттыгы боюнча угуучулардан  тест алынып,сертификаттар тапшырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык