Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан уюштурулган «Китеп кербени» акциясынын алкагындагы иш-чара И. Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинде 2024-жылдын 15-октябрында өткөрүлдү. Лицейдин «Китеп кербени» акциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен ачылды.

И. Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинин директору Кулушова Алтынай Токтосуновнага сөз берилип, бул акция И. Касендеев атындагы лицейге №20 кесиптик лицейинен өткөрүлүп берилгенин белгилеп, бул саамалыкты №94 кесиптик лицейине тапшырды.

Кечеге кадырлуу конок болуп Республикалык илимий-методикалык борборунун методисти Ж. Токтогулова, Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борборунун жетектөөчү адиси Ы. Бексултанов, жаш акын Ооганов Чыңгыз, акын Турдубек уулу Садырбек, акын, жазуучу, драматург Керез Зарлыкова катышышты.

Республикалык илимий-методикалык борборунун методисти Токтогулова Жанара Тынчтыковна китеп окууда ички дүйнөсү тазараарын белгилеп, окуучуларды китепти түшүнүп жана элестетүү менен окууга, бош убактыларын китеп окуу менен өткөрүүнү адат кылууга чакырды.

Иш-чара Манас айтуу, көркөм окуу,  окуучулар тарабынан даярдалган Ч.Айтматовдун чыгармаларынан “Кызыл алма”, “Манкурт”, “Толгонайдын монологун”  жана “Эне жөнүндө монологду” тартуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык