2024-жылдын 28-октябрынан 6-ноябрына  чейин Республикалык илимий-методикалык борборунда  пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча     “Орто кесиптик окуу жайларында билим берүү процессин  модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу” багытында курс башталды.

        “Орто кесиптик окуу жайларында билим берүү процессин  модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу”  багытындагы курс  орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  2024-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.

       Курс Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдерин камтыды (Ош ,Талас , Ыссык-Көл,Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан).

Квалификациясын жогорулатуу курсуна 27  угуучу  катталды. Анын ичинен 5 эркек,22 аял.       Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к., профессор  Эсенгулова М.М., п.и.к., доцент Ниязова А.М. жана РИМБ нун директорунун орун басары Саттарова А.Н. тартылды.

       Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 6-ноябрында РИМБ нун базасында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык