№ 94 кесиптик-лицейде Республикалык илимий — методикалык борбору  тарабынан уюштурулган  “Китеп кербени “ акциясы болуп өттү.

Бул иш-чарага  акын, юрист, коомдук ишмер Жедигер Саалаев жана акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер А.Кожогулов, РИМБнун квалификацияны  жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Курманалиева К.А. жана  кесиптик лицейлердин директорлору катышышты.

Иш-чара 2 бөлүктөн туруп, 1-бөлүктө:

  • № 94 КЛде  “Китеп кербени” акциясынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралар камтылган видео-ролик;
  • китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар боюнча  “Акыл ордо” таймашы;
  • чач тарач жана бычмачы-тикмечи кесибинин тарбиялануучулары дефеле көрсөтүштү жана китеп окуунун маанисин жарнамалоо максатында белгилүү инсандардын китеп жөнүндө фразаларды айтышты.

Иш-чаранын 2-бөлүгү “ Поэзия мүнөттөрү” деп аталып, поэзия кечеси түрүндө уланды:

—  окуучулар Ж.Саалаев жана А.Кожогуловдун калемине таандык ырларды окушту;

—  Ж.Саалаев жана А.Кожогулов  өз ырларын окуп беришти;

—  Акындар окуучулардын суроолоруна  жооп беришти;

Иш-чара “Китеп куржунун” № 99 кесиптик лицейдин өкүлдөрүнө тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык