РИМБнун иш планынын негизинде 2024- жылдын 11- ноябрынан баштап 20-ноябрына чейинки аралыкта, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында курс болуп өттү. Курстун темасы «Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары». Курстун көлөмү-72 саатты түздү.

Бул теманы бөлүктөр менен алсак:

— билим берүүдөгү менеджмент( теориядан — практикага);

— билим берүүдөгү заманбап технология;

— негизги педагогикалык чеберчилик;

— билим берүүдөгү компетенттүүлүк;

— орто билим берүүдөгү кредиттик технология;

— билим берүүнүн жаңы тенденциялары;

— окутууну уюуштуруу ишмердүүлүгүнүн техникасы;

— тажрыйба алмашуу.

        Тажрыйба алмашуу максатында  угуучулар Бишкектеги  экономика жана тейлөө колледжинде болуп, иш чаралар менен таанышышты:

— методикалык иштеринин уюштурулушу;

— предметтик-циклдык комиссиясынын пландары жана иштери;

— колледжде өтүлүп жаткан теориялык-практикалык сабактардын жүрүшү;

— өндүрүштүк практиканы уюштуруудагы маселелер;

— социалдык өнөктөштөр менен иш алып баруу жөнүндө терең маалымат алышты.

        Курска негизинен Бишкек шаарынын, ошондой эле Токмок, Кара-Балта шаарларынын орто окуу жайларынын окутуучулары катышты. Баардыгы 23 адам.

        Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к., доцент Ниязова А.М. жана п.и.д., профессор Добаев К.Д.  тартылды.

        Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 20-ноябрында РИМБ нун базасында  РИМБ нун директору А.Д.Карабаевдин катышуусунда өттү.

Сертификаттарын алып, РИМБ нун жааматына ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык