Ч.Түлөбердиев атындагы №13 кесиптик лицейинде 2024-жылдын 19-ноябрында “Китеп кербени” акциясы өттү. Окуу жайда акцияга карата атайын “Аалам алпы Ч.Айтматов”, “Манас-Кыргыз рухунун туу чокусу”, “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл”, “Элдик адабият ааламы” аттуу китептердин көргөзмөсү уюштурулуп жана дубал газеталар чыгарылды. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Отунчу уулу Элүүбай, Жоон-Дөбө айылындагы китепкана жетекчиси Ажибекова Зарина, Талас шаарынын №90-кесиптик лицейинин жетекчиси Гулсун Турусбековна жана башка сыйлуу меймандар катышты.
Жаш муунду китеп окууга үндөгөн “Китеп кербени” акциясынын эстафетасы салтанаттуу түрдө №90 кесиптик лицейине өткөрүлүп берилди.