Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсу 2025-жылдын 2-апрелинен 11-апрелине чейин “Педагогика жана психология” темасында   Республикалык илимий-методикалык борбордун базасында өткөрүлүп жатат.

Курстар орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн 2025 окуу жылга карата түзүлгөн иш пландын негизинде уюштурулду.

Квалификацияны жогорулатуу курсуна баардыгы 23 угуучу катышып жатат.                                            Курстун көлөмү 72 саат.

 Мугалимдердин жана методисттердин өз билимин жогорулатуу, педагогика жана психология тармагында кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү жана жумуш ордунда жайылтуу максатында, заманбап педагогиканын негиздери,функционалдык сабаттуулук,адамдардын психикасынын өнүгүү этаптары,баланын жана алгачкы өспүрүмдөрдүн, чоңдордун психологиясы, билим берүүдөгү компетенттүүлүк мамиле,жаштарга жаш курагына байланыштуу психологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүн үйрөтүү. Алардын калыптанышынын негизги факторун үйрөтүү максатында, тренерлерден профессор к.п.н Эсенгулова М.М, доцент к.п.н Таирова К.А, профессор к.п.н Добаев К.Д, доцент к.п.н.Койлубаева Н.К.ага окутуучу Насипбаева Ы.И бул өтүп жаткан курстарга тартылып өз сабактарын күн тартибинин негизинде өткөрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык