2025-жылдын 23 -сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине  караштуу  Республикалык илимий-методикалык  борборунда Мамлекеттик тил күнүнүн 36 жылдыгына  карата майрамдык салтанаттуу иш чара  болуп өттү.

Иш чарага  Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Карабаев А.Д., «Кыргыз тили» коомунун Президенти   Курбанов Р.Р., ошондой эле орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын курска келген директорлору, директордун орун басарлары жана илимий-методикалык борбордун адистери катышты.

         Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Карабаев А.Д. катышуучуларды майрамы менен куттуктап , тил саясатынын жана кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

       «Кыргыз тили» коомунун  Президенти  Курбанов Р.Р. кыргыз тилинин улуулугун, Мекенге болгон сүйүүсүн, кыргыз тилинин коомдогу ордун чагылдырган  куттуктоо  сөзүн  жолдоду.

         Республикалык илимий-методикалык  борборунун жетектөөчү адиси Нусупова А.Ж. “Кыргыз тили – мамлекеттик тил, өнүгүү жолу жана келечеги” темасындагы докладын окуду.

Иш чарада  кол өнөрчүлүк боюнча буюмдар жана «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын алкагында чыгарылган окуу куралдар  көргөзмөсү уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык