2025-жылдын 1-окябрынан 10-октябрына чейин  Республикалык илимий-методикалык борборунда  пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча  “ Кредиттик технология орто кесиптик билим берүү окуу жайларында” багытындагы  курсу башталды.

       “Кредиттик технология орто кесиптик билим берүү окуу жайларында”  багытындагы курс  орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  2025-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.

         Курс Нарын жергесиндеги С.Нааматов атындагы агро-техникалык жана К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждердин   мугалимдерин камтыды.

        Квалификациясын жогорулатуу курсуна 45  угуучу  катталды.

        Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к., доцент  Шерматова И.К., п.и.д.,профессор Добаев К.Д. жана э.и.к.,доцент Расулова Н.К.тартылды.

        3-октябрьда тажрыйба алмашуу  максатында  угуучулар Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде болушту.  Борбордук Азия университетинин директору Нишарапов  Н.Б.  университеттин тарыхы менен тааныштырып, университеттин информатика  мугалими Шабдыраева Ч. “Санариптик сабаттуулук жана анын компетенттери” багытында иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Сертификаттарды тапшыруу аземи 2025-жылдын 10-октябрында Нарын жергесинде С.Нааматов атындагы агро-техникалык колледждин   базасында  өткөрүлөт.

      

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык