2025-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда “Заманбап мугалим кандай болушу керек?”-деген темада тегерек стол иш чарасы өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты: заманбап билим берүүдө мугалимдин ордун аныктоо, мугалимге коюлган жаңы талаптарды талдоо, кесиптик өнүгүүнүн маанисин түшүндүрүү.
Жогоруда койулган максатка жетүү үчүн жана эффективдүү натыйжаларды талкуулоого педагогика илимдеринин доктору, профессор Добаев К. Д., КРнын эмгек сиңирген мугалими,ата-энелер мектебинин негиздөөчүсү Мадаминов Г. М., И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Турсунова Э.А., педагогика илимдеринин кандидаты Эсенгулова М. М. баяндамачылар катышты.
Тегерек столго офлайн форматында кесиптик орто жана баштапкы окуу жайлардын директорлору, директорлордун орун басарлары, мугалимдери жана РИМБнун кызматкерлери болуп -35 адам жана аймактардагы окуу жайлардан -55 педагогикалык кызматкерлер онлайн катышты.

РИМБнун директору Карабаев А.Д. иш чараны ачып берди.

РИМБ нун методисти Жакыпова К.К. “Билим ордо кафеси” деген интерактивдүү ыкманын алкагында катышуучуларды 4 топко бөлүп, ар бир столдогу ачык суроолордун айланасында формалдуу эмес форматта эркин оюун билдиришип суроолорду берүү, тажрыйба алмашуу жандуу талкуулардын болушун уюштурду. 4 столдогу столдун ээлери катышуучу лардын пикирин белгилеп турушту. Катышуучулар төрт столдо ротация жолу менен баардык темадагы маалыматтарга өз пикирлерин билдире алышты.
РИМБнун директорунун орун басары Саттарова А.Н “Заманбап мугалимдин модели” темасында кызыктуу презентация менен маалымат берди.
Кеңешмеде негизинен төмөндөгү темалардын үстүндө талкуулар жүргүзүлдү:
РИМБ нун методисти Жакыпова К.К. “Билим ордо кафеси” деген интерактивдүү ыкманын алкагында катышуучуларды 4 топко бөлүп, ар бир столдогу ачык суроолордун айланасында формалдуу эмес форматта эркин оюун билдиришип суроолорду берүү, тажрыйба алмашуу жандуу талкуулардын болушун уюштурду. 4 столдогу столдун ээлери катышуучу лардын пикирин белгилеп турушту. Катышуучулар төрт столдо ротация жолу менен баардык темадагы маалыматтарга өз пикирлерин билдире алышты.
1-столдун ээси Добаев К. Д тегерек столдун “ Заманбап мугалим кандай болушу керек” деген темага байланышкан маселелерди кеңири талкуулоонун натыйжасында азыркы дүйнөдөгү эң чоң маселе ааламдашуу заманында жашап жатабыз, дүйнөлүк масштабдагы жаңылануу, өзгөрүүсү менен адамзат коомунун бири-бирине байланып көз каранды болуп калды. Мектепте эң негизги фигурантыбыз окуучу, кимди окутсак аны сүйүш керек. Азыркы учурда билим берүу заман өзгөрүүсүнөн артта өткөн учурга кадрларды даярдап жатканыбызга токтолуу менен кесиптик стандарттардын мазмунун өзгөртүп жаңы келечектеги кесиптерге даярдоону жүргүзүү керектигин белгиледи.

2- столдун ээси Гапыр Мадаминов “ Окутуу сапатын камсыздоодо мугалимдин орду” темасында азыркы учурдагы мугалимдер окуучулардын “Акыл эмгегинин маданиятын өстүрүүнү ” эске алып “Үйрөнүүгө үйрөнүү жолу, маданиятына көңүл бурууга, өзүн-өзү ар тараптуу тарбиялоого, өнүктүрүүгө, үйрөнүүгө, эрктүүлүккө, кызыгууга жана ыйман, адеп-ахлак, жакшы ата-эне болуу үчүн балдарды туура тарбиялоого ,үйрөнүүнүн жаңы методдору, ыкмалары боюнча айтып өттү.

3-столдун ээси Турсунова Э.А. “ XXI кылымдын мугалими: келечекке багытталган көндүмдөр жана талаптар” деген тема боюнча ар бир учурдун өзүнүн заманбап техника каражаттары колдонулушу керек. Азыр заманбап “Альфа”, “Бета”, “Зет” жаңы муундун балдарынын көпчүлүгү экологияга жаратылышка кызыгаарын алардын экологиялык ой жүгүртүүсүн өстүрүү ошондой эле сабактарды кыргыз элинин тарыхы боюнча азыркыны салыштырып дүйнө таанымын өзгөртүү керектигин белгиледи.

4 столдун ээси “ Эсенгулова М.Э “Кесиптик билим берүүнүн окутуучусунун философиялык модели” боюнча маегинде негизинен мугалимдин “4К” компетенциясына ээ болушун, адам билим үйрөнүү менен ганга жогорку мартабага жете алат деп мугалимдин 7 философиялык баалуулугун мүнөздөдү. Даанышман Сократтын “Өнөрдөн мыкты, билимден улук эч нерсе жок”. “Мугалим мөмөлүү дарак” – деп оюн жыйынтыктады.

Иш чаранын аягында тегерек столдун катышуучулары суроо-жооп иретинде кенен талкуу жүргүзүшүп, бир добуштан резолюцияны кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

