20 — февраль 2026 жылы «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесине, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна, Агартуу министринин биринчи орун басары Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич, министрдин орун басары Махметкулов Альберт Дамирбекович жана кесиптик башталгыч билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдрахманова Асыл Дотуевналар иш сапары менен келип, мекеменин иштери, базасы жана кызматкерлери менен таанышып кеңешме өткөрүп кетти.

Кеңешмеде Агартуу министри бир катар аймактагы кесиптик башталгыч окуу жайларына барып көргөндөгү көйгөйлөрдү ачыктап айтып чогуу талкуулоо болду. Догдуркүл Шаршеевна азыркы эмгек рыногу тездик менен өзгөрүп жаткандыктан ага жараша жумушчу кадрларды даярдоонун сапатын өзгөртүү жөнүндө кеңири белгиледи. Атап айтсак ар бир кесипке даярдоодо, кесиптик маданиятка жана финансылык сабаттуулукка көнүл буруу, өз алдынча ишмердүүлүк менен акча табуу жолдоруна академиялык эркиндик берүү, ийкемдүү иштөөгө өзгөрүлүү жетишсиз болуп жатканы айтылды. Мисалга айтсак, коомдук тамактануу тармагында “Ашпозчу” кесибине даярдоо программасынын мазмунуна протоколдук тамак даярдоо технологиясын киргизүүнү сунуштады.

Мындан ары кесипке даярдоо окуу жайларынын потенциалын көтөрүүгө көнүл бурулаарын жана квалификацияны жогорулатуу курстарын дагы жакшыртуу маселери айтылды. Ошондой эле министрликтин Республикалык илимий- методикалык борбор мекемесине жана окуу жайларга ноутбук, компьютерлер берилип материалдык — техникалык базаны жаңыртуу пландары бар экендигин белгиледи, аны биздин жамаат кубануу менен кабыл алдык.

Азыркы мезгилде баардык иш аракеттерди санариптештирүү боюнча “Санариптик кампа” платформасын түзүүнү ишке ашыруу кечигип жаткандыгы аны тездетүү зарылдыгын белгиледи. Догдуркүл Шаршеевна катардагы кызматкерлердей жакындан кеңешип, проблемаларды четтетүү жолдору боюнча талкуулоо жүргүздү.

“Республикалык илимий — методикалык борбор” мекемесинин эмгек жамааты, Агартуу министрине жана анын командасына чын ден соолук, ишиниздердеги ийгиликтерди чогуу жаратаарыбызды билдиребиз!.

