10-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордо кесиптик лицейлердин директорлору үчүн квалификациясын жогорулатуу курстары башталды.
Курстар 10–19-март күндөрү «Заманбап билим берүү системасында жетекчилердин кесиптик компетенциялары. Билим берүүдөгү менеджмент» темасында өтүп, 72 саатка эсептелген. Окутууга республиканын бардык аймактарынан конкурс аркылуу кызматка дайындалган кесиптик лицейлердин жетекчилери катышууда.…
