2026-жылдын 15- май айынан 25-май айына чейин окуу планынын негизинде Кызыл-Кыя шаарында “ Педагогика жана психология” курсу өткөрүлүп, мугалимдер педагогиканын жана психологиянын негизги түшүнүктөрү менен билимдерин жогорулатышты.
Максаты:
- Педагогика жана психология негиздерин өздөштүрүү.
- Окутуу жана тарбиялоо ыкмаларын үйрөнүү.
- Кесиптик жана коммуникативдик жөндөмдөрдү өнүктүрүү.
Сабактын жүрүшүндө окутуу жана тарбиялоо ыкмалары,мугалимдер менен натыйжалуу баарлашуу,психологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу маселелери талкууланды. Курс окутуучулардын кесиптик билимин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

25-майда сертификат тапшыруу аземи болду.

Сабактар тажрыйбалуу профессорлор жана лекторлор-Добаев К.Д. Дүйшеев. Ж.А. Жолдошева .А.О жана Осмонкулов.Т.Т. тарабынан өткөрүлдү.
