«Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин иш планына ылайык, кесиптик билим берүү тутумунда эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Пекин профессионалдык айыл чарба колледжинин расмий делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келди. Сапардын алкагында кытайлык делегация Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан И. Раззаков атындагы КГТУнун Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейине барышты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык тууралуу Меморандумга салтанаттуу түрдө кол коюлду.

Бул эл аралык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги, Ухань борбордук тышкы экономикалык жана техникалык кооперациялык группасы жана «Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашты. Тараптар кол коюлган Меморандумдун алкагында инновациялык айыл чарбасы, «акылдуу» күнөскана комплекстерин санариптик негизде башкаруу боюнча атайын окуу программаларын иштеп чыгуу, энергияны үнөмдөөчү алдыңкы технологияларды киргизүү жана агрардык секторду модернизациялоо багытында биргелешип иш алып барууну макулдашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана «Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин директору Акпаралы Карабаев катышышты. Жетекчилик өз сөздөрүндө бул эл аралык өнөктөштүк кесиптик билим берүү тутумун модернизациялоодо, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жана дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодо маанилүү кадам экенин баса белгилешти.


Кытайлык коноктор №43 кесиптик лицейдин окуу-өндүрүштүк базасында, заманбап лабораториялары жана окуучулардын практикалык жетишкендиктери менен жакындан таанышышты. РНМЦнын жетекчилиги белгилегендей, мындай эл аралык түз кызматташтык лицейдин окуучуларына заманбап агрардык сектордун деңгээлин көтөрө турган алдыңкы адистерден болуп жетишишине кеңири өбөлгө түзөт.
