2026 — жылдын 2-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Педагогикалык чеберчилик» курсунун бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө күбөлүктөр тапшырылды.

2026-жылдын апрель айынан сентябрь айына чейин созулган кесиптик кайра даярдоо программасы республикабыздын ар кайсы аймактарынан келген башталгыч кесиптик окуу жайларынын 148 окутуучусу менен өндүрүштүк окутуу устаттарын бириктирди. Программанын жалпы көлөмү 690 академиялык саатты түзүп, аны ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берүүчү күбөлүктөр берилди.

Окуу программасынын негизги максаты — инженердик жана техникалык билими бар бирок педагогикалык билими жок адистердин  педагогикалык компетенцияларын жогорулатуу, методикалык пайдубалын чыңдоо жана заманбап окутуу ыкмаларын үйрөтүү.

Салтанаттуу аземге “КР Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор” мекемесинин  директору А.Д.Карабаев, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директорунун орун басары А. Ш. Сарбалиев жана окутуучулар курамы катышып, бүтүрүүч үлөрдү куттуктап, алардын келечектеги иштерине ийгилик каалашты.

Курстун угуучулары окуу процессинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын жана окутуунун сапаттуу жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, уюштуруучуларга жана окутуучулар курамына өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.Угуучулар үчүн түзүлгөн жагымдуу окуу чөйрөсү, мазмундуу сабактар, практикалык багытта окутуу жана кесиптик жактан пайдалуу  маалыматтар өзгөчө белгиленди.

Угуучулар үчүн түзүлгөн жагымдуу окуу чөйрөсү, мазмундуу сабактар, практикалык багыттагы окутуу жана кесиптик жактан пайдалуу маалыматтар өзгөчө белгиленди.

Бул кесиптик кайра даярдоо курсу өлкөбүздүн орто кесиптик билим берүү тармагын квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого жана келечектеги адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык