2026-жылдын 12–21-октябрь күндөрү Республикалык илимий-методикалык борбордо «Айыл чарба профилиндеги кесиптик билим берүүнүн мазмунун эмгек рыногунун талабына ылайык модернизациялоо» программасы боюнча 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү.

Кыргыз улуттук агрардык университети менен түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында уюштурулган курска республиканын бардык аймактарынан 33 өндүрүштүк окутуу чебери катышты.

21-октябрда курстун жыйынтыктоочу сертификат берүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакыт Алымбеков жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар Бакыт Алымбеков, Гапыр Мадаминов жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев тарабынан тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземинен кийин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун «Акыл жана эмгек маданияты — инсандын өнүгүүсүнүн жана кесиптик ийгилигинин негизи» аттуу семинары өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө устаттык өнөрдүн сырлары, өз алдынча билим алуу маданияты жана жаштарды билим алууга шыктандыруунун натыйжалуу жолдору талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык