2024-жылдын 28-октябрынан 6-ноябрына  чейин Республикалык илимий-методикалык борборунда  пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча “Орто кесиптик окуу жайларында билим берүү процессин  модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу” багытында курс өткөрүлдү.

        “Орто кесиптик окуу жайларында билим берүү процессин  модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу”  багытындагы курс  орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  2024-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.

         Курс Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдерин камтыды (Ош ,Талас , Ыссык-Көл,Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан).

Квалификациясын жогорулатуу курсуна 26  угуучу  катталды. Анын ичинен 5 эркек,21 аял.

Тажрыйба алмашуу максатында 5-ноябрда угуучулар К.Көлбаев атындагы жол транспорт колледжине барып келишти.

        Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к., профессор  Эсенгулова М.М., п.и.к., доцент Ниязова А.М. жана С.Ибраимов атындагы агротехникалык колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматсияева Г.Д. тартылды.

       Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 6-ноябрында РИМБ нун базасында  РИМБ нун директору А.Д.Карабаевдин катышуусунда өттү.

               Угуучулар сертификаттарын алышып, РИМБ нун жамаатына ыраазычылык билдирүү менен жыйынттыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык