2026-жылдын 20-майында “Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор” мекемеси, Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент Алдыңкы тажрыйба борбору болгон колледж менен биргеликте орто кесиптик билим берүү (ОКББ) тармагындагы Алдыңкы тажрыйба борбор макамына ээ болгон (АТБ) колледждери, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, АТБнын директорлору, администрация өкүлдөрү, окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун устаттарынын катышуусунда практикалык онлайн семинар өткөрүлдү.


Негизги максаты — орто кесиптик билим берүүдө, изилдөө жана технология багыттарында инновацияларды өнүктүрүүгө, квалификацияны жогорулатууга, кызматташтыкты чыңдоого жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга өбөлгө түзүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
— компетенттүүлүккө негизделген окутуу (ОКО);
— жумуш ордунда окутуу (ОРМ);
— заманбап окутуу технологиялары;
— бизнес-стратегияларды түзүү;
— финансылык сабаттуулук;
— окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча презентациялар жана тажрыйба алмашуулар уюштурулду.
Семинарда Алдыңкы тажрыйба борборлорунун ишмердүүлүгү жана өнүгүү багыттары боюнча баяндамалар жасалды.
Өз тажрыйбалары менен төмөнкү Алдыңкы тажрыйба борборлору бөлүштү:
1. Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менджмент колледжи
2. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Агро-өнөр жай колледжи
3. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Нарындагы агрардык, техникалык-экономикалык колледжи
4. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-абад колледжи
5. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновациялык жана экономика колледжи
6. ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи
7. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи
8. М.Т.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи
Семинардын аягында Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент Алдыңкы тажрыйба борбор колледжи ачык сабактарды, окуу жайга экскурсия, жана мастер класстар көргөзүлдү.
Практикалык семинар гибрид форматта уюштурулуп, катышуучулар онлайн жана офлайн түрүндө активдүү катышышты. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ортосунда кызматташтыкты бекемдөө, мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана орто кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.
системасындагы окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуунун устаттарынын кесиптик потенциалын жогорулатуу, билим сапатын жакшыртуу жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу болду.


