Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча “Педагогикалык чеберчилик” курсу өткөрүлдү. Аталган курс РИМБдин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде өттү.

Бул жолу курска Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы юридикалык колледжинин администрациясынын өтүнүчү менен аталган колледждин педагогикалык кызматкерлери гана катышты. Угуучулардын саны-26.

Курстун максаты:Окутуучулардын педагогиканын жана психологиянын негиздерин азыркы талапка ылайык билүүлөрүн камсыз кылуу, педагогикалык чеберчиликтерин өнүктүрүү, инклюзивдик билим берүү боюнча кеңири маалыматтарды алуу, окуу процессинде заманбап педагогикалык жана маалыматтык технологияларды пайдалануу менен билим берүүнүн сапатын арттырууну камсыздоо.

Окуу планына жана түзүлгөн программага ылайык курска педагогика илимдеринин доктору, профессор-К.Д,Добаев, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент-А.Р.Кыдыралиевалар чакырылды. Курс абдан жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлдү. Мындан тышкары, “Педагогикалык башкаруунун чеберчилиги”, тренер-Р.И.Насиппаева жана “Инклюзивдик билим берүү”, тренер-Б.А.Абдылдабековдор өткөргөн сабактар окутуучулар тарабынан абдан жогору бааланып, зор кызыгуу менен кабыл алынды. 

Курстун жүрүшүндө угуучулар ар бир сабакка абдан активдүү катышып, өздөрүнө азыркы кесиптик орто билим берүүдөгү  заманбап ыкмаларды жана зарыл билимдерди, түшүнүктөрдү, маалыматтарды алышты. Атап айтканда:

-Педагогиканын негиздери

-Заманбап педагогика, анын негизги тенденциялары

-Жумшак көндүмдөр деген эмне?

-Катуу көндүмдөр деген эмне?

-Кесиптик билим берүү стандарттары

-Окуу процессин модулдун негизинде уюштуруу

-Окуу процессиндеги кредиттик технология

-Психологиянын негиздери

-Педагогикалык чеберчиликтин негиздери

-Заманбап педагогикалык технологиялар

-Инклюзивдик билим берүү

-Педагогикалык баарлашуунун чеберчилиги

-Педагогикалык башкаруунун чеберчилиги

-Практикалык көндүмдөрдү бышыктоо.

Айрыкча “Практикалык көндүмдөрдү бышыктоо” максатында РИМБде “Алдыңкы тажрыйба борбору” болгон Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинде өткөрүлгөн практикалык сабак угуучулардын зор кызыгуусун жаратты. Бул практикалык сабактан окутуучулар маалыматтык технологияларды сабактарда пайдалануу боюнча абдан зарыл болгон билимдерди, түшүнүктөрдү алышты. Электрондук окуу китептерин колдонуу, AVN боюнча берилген маалыматтар абдан баалуу болду. Жыйынтыгында угуучулар практикалык сабактарды өткөргөн окутуучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, сабак максатына жеткендигин белгилешти.

Курс 03-апрелде аяктап, 26 угуучуга курстун программасын толук өздөштүргөндүктөрү үчүн РИМБдин директору А.Д.Карабаев сертификаттарды тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык