Республикалык илимий-методикалык борборунун демилгеси менен кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларынын окуучуларынын арасында “Менин келечектеги кесибим” аттуу сүрөт сынагы жарыяланган. Сынак 2024-жылдын 15-февралынан 01-апрелине чейин өткөрүлдү.
Сынактын максаты:
- Окуучулардын жумушчу кесиптерге кызыгууларын арттыруу;
- Жумушчу кесиптердин жана адистиктердин аброюн көтөрүү;
- Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана таланттарын өстүрүү;
- Кесиптик ишмердүүлүккө кызыгууларын жана умтулууларын өнүктүрүү;
- Жөндөмдүү жана таланттуу окуучуларды колдоо жана сыйлоо.
Сүрөт сынагына 16 кесиптик лицейлердин окуучулары катышты жана алардан 81 сүрөт сынак комиссиясына жиберилди. Алдын-ала тандоодон №70-кесиптик лицейинин окуучуларынын сүрөттөрү өткөн жок, себеби жиберилген иштер сынактын жобосунун талаптарына жооп берген жок. Башкача айтканда, бул сүрөттөр электрондук вариантта аткарылган.
Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар 3 төн ашык эмес иштерди жиберүүлөрү керек болгондуктан, комиссиянын кароосуна 45 сүрөт келди.
Комиссия эн жакшы иштерди тандоодо төмөндөгү критерийлерге таянды:
- Чыгармачылыгы, автордук идеясы жана оригиналдуулугу;
- Берилген тематикага шайкеш келиши;
- Чеберчилиги жана аткаруу техникасы;
- Көркөм-эстетикалык ой толгоосу;
- Автордук аткаруунун оригиналдуулугу жана теманы ачып берүүдөгү тереңдиги;
- Эмоционалдуулугу, образды чагылдыруусу, таасирдүүлүгү;
- Түстөрдү пайдалана билүүсү.
Жыйынтыгында, сынактык комиссия төмөндөгү окуучулардын иштерин “эн жакшы” деп баалады:
-№22-КЛ – Орозов Марлиз;
-№110-КЛ – Турарова Айзирек;
-№20-КЛ – Бектемиров Зиябидин, Нурдинова Мелихан;
-№94-КЛ – Кубанычбекова Айжамал;
-№54-КЛ – Искендеров Азамат;
-№10-КЛ – Бекболотова Акбермет;
Сынактын жыйынтыгы менен жогорудагы окуучулар Республикалык илимий-методикалык борборунун Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланат.
Мындан тышкары, “жеңүүчү” деп табылган сүрөттөр атайын жасалгаланып, рамкага салынып РИМБдин сайтына жайгаштырылат жана дубалына илинет.
Уюштуруу комитети