2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борборунун демилгеси менен уюштурулду жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде өттү.
Форумдун максаты: Окуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана активдүү жарандык позициясын калыптандырууга багыттоо.
Жаштардын адамгерчилик сапаттарын өнүктүрүү аркылуу дүйнөгө оң мамилелерин калыптандыруу.
Азыркы соцмаданий шартка ыңгайлашууга жөндөмдүү, ыймандуу инсанды калыптандыруу болуп эсептелет.
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.52_999443c2-1024x768.jpg)
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” ПЖ №313 Жарлыгына жана Министрликтин 2024-жылдын 30-апрелиндеги “Башталгыч кесиптик окуу жайларында тарбия иштерин уюштуруу Жобосун бекитүү жөнүндө” №677/1 буйругунун негизинде башталгыч кесиптик окуу жайларында тарбия иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча сапаттуу жана натыйжалуу ишмердүүлүктү камсыз кылуу керектиги жөнүндө Республикалык илимий-методикалык борбордун директору А. Карабаев билдирүү жасады.
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.55_3d45ddbc-edited.jpg)
Негизги докладчик Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Мадеминов Гапыр Маматкулович болду.
Г.Мадеминов, тарбиянын жан-дүйнөгө жана мүнөзгө болгон таасири жөнүндө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоодо алдын ала иш аракеттери жөнүндө жана билим берүү уюмунун тарбиялык иштеринин максаты болуп окуучулардын активдүү жашоо-турмушу, интеллектуалдык, социалдык-маданий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүндөгү муктаждыктарын максималдуу канааттандыруу үчүн алардын өзүн-өзү аныктоосу жана ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү болуп санаалары жөнүндө, жалпы эле тарбияы багытында билдирүү жасады.
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.41.04_79a0dc61-edited.jpg)
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.58_751646d1-edited.jpg)
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.59_2722cc6c-edited.jpg)
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.53_e5aae72b-1024x768.jpg)
Андан сырткары Бишкек шаарында жайгашкан бир нече кесиптик лицейлердин мугалимдери жана окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Атап айтсак №98 кесиптик лицейдин окуучулары кесип алууга, окуучулардын ар тараптуу калыптанышына ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу сахналаштырылган көрүнүштү көрсөттү.
№20 КЛ окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Молдобаева Венера Чагалдаковнага “Үгүттөөгө караганда үлгү жакшы таасир этет”-деген тема боюнча билдирүү жасады. Улуттук наркты, каада-салттарды, үрп адаттарды сактоо жана келечек муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат. №10 КЛ өндүрүштүк окутуу устаты Жеенбекова Лира Бабырбековна билдирүү жасады.
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.41.05_925693d8-1024x683.jpg)
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.55_5a31d58e-edited.jpg)
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.41.09_814b6a01-1024x576.jpg)
Чүй облусуна караштуу №43 КЛ окуучулары “Жаштар маршы” (обону: Аксуубай Атабаев) ырын хор аткарып беришти.
№99 КЛ окуучулары мамлекетибиздин жаштарына КАЙРЫЛУУ жасашты.
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/image-1024x579.png)
![](https://rnmc.kg/wp-content/uploads/2024/06/Изображение-WhatsApp-2024-06-07-в-10.40.51_897fc903-768x1024.jpg)