Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы  Республикалык илимий – методикалык борбордун  кызматкерлери жана  КР Президентинин алдындагы № 99 IT технологиялар лицейинин директору, ошондой эле республикадагы кошумча билим шыктарын өнүкүрүүчү  “Алтын түйүн”, “Балажан” Улуттук балдар инженердик – техникалык академиясынын  кызматкерлери менен биргеликте  2026 жылдын 14-янврынан-18-январына чейин иш сапар менен Россия Федерациясынын Казань шаарындагы “ӨЭӨЗ Алабуга” акционердик коомунда болуп келишти.

Иш сапардын максаты: Эки өлкөнүн ортосундагы бирдиктүү долбоор менен окуучуларда ишкердүүлүк жана финансылык сабаттуулукту калыптандыруу жана бул көндүмдөрдү пайдалануу  аркылуу окуучулар арасында олимпиаданы уюштуруу, өткөрүү маселелери менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Иш сапардын программасы кызыктуу жана пайдалуу иш тажрыйбаларды алганга жардам берди.  “ӨЭӨЗ Алабуга” акционердик коому аймагында 1000 га территорияда 41 өнөр жай жана Алабуга политех комплекстүү окуу жайлары, студенттердин жатаканалары, өнөр жайда иштеген жумушчулардын жашоочу квартиралары жайгашкан. Бул өзгөчө экономикалык зонада студенттер, окуучулар, өнөр жайда иштеген жумушчулар менен биргеликте 70 миң адам жашайт экен. Эл аралык  деңгээлдеги мектеп, бала бакчада 350 окуучу окуп, окуу англис тилинде STEM программасы менен биотехнологиялык жана радиотехникалык багытта окутуу уюштурулат. Алабуга политех колледжинде, университетте окутуу процесси англис жана орус тидеринде окутуу менен дуалдык формада жүргүзүлөт.

Билим берүудө студенттердин ишкердүүлүк жана финансылык сабаттуулугу боюнча билимдерин баалоо максатында өздөрү иштеп чыккан “Бизнес кэтс” Assisment оюн түрүндөгү инструменти кеңири колдонулат. Кыргызстандан барып окуган студенттер менен жолугушу болду.

Бул инструментти Кыргыз Республикасындагы билим берүү уюмдарына  жайылтып 1балл алган окуучуларды Россия Федерациясынын Казань шаарындагы “ӨЭӨЗ Алабуга” акционердик коому “Алабуга политех” окуу жайында окутууга кабыл алууга кызыктар экендигин билдиришти. Иш сапар менен барган катышуучулар бул инструмент боюнча кеңири түшүнүк алып, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына жайылтып окуучулардын ишкердүүлүк жана финансылык сабаттуулугу боюнча билим деңгээлин  өстүрүү жана олимпиаданы өткөрүү азыркы базар экономикасынын талабы болуп жаткандыгына ынанып кайттык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык