2026-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде бүтүрүүчүлөргө педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугу менен күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
Программанын жалпы көлөмү 690 академиялык саатты түзүп, курсту жалпысынан 77 угуучу аяктады.
Курска катышкан угуучулар башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларынын техникалык билими бар окутуучулары жана өндүрүштүк окутуу устаттары, алар республикабыздын ар кайсы аймактарынан катышышты.
Курстун негизги максаты — техникалык билими бар педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, методикалык билимдерин өркүндөтүү, ошондой эле окуучуларды окутуу жана тарбиялоодо заманбап ыкмаларды өнүктүрүү болуп эсептелет.
Окуу процессинде угуучулар педагогдун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган дисциплиналарды өздөштүрүштү. Сабактар лекциялар, практикалык иштер, тренингдер түрүндө өткөрүлүп, билимди текшерүүнүн аралык формалары Moodle платформасында аралыктан окутуу технологиясын колдонуу менен тестирлөө коштолду.
Кайра даярдоо курсунун угуучулары педагогика жана психологиянын актуалдуу маселелерин, заманбап билим берүү технологияларын, натыйжалуу окутуу ыкмаларын, ошондой эле билим берүү системасын жаңылоо шартында окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү. Өзгөчө көңүл педагогикалык маданиятты, педагогикалык баарлашууну өнүктүрүүгө жана инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүүгө бурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Кендирбаева Догдургул Шаршеевна катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын келечектеги ийгиликтерине ак жол каалады.

Андан тышкары иш чарага КР Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы – Кусеинова Айнура Сүйүндүковна, КР Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинин Орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси – Урматов Канат Урматович, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор” мекемесинин директору Карабаев Акпаралы Давлеталиевич , ошондой эле кесиптик билим берүү тармагындагы өнөктөштөр жана мугалимдер катышты.

