2026-жылдын 13-22 апрелине чейин окуу планынын негизинде “Педагогикалык чеберчилик” боюнча курс өткөрүлдү. Курска орто кесиптик билим берүү окуу жайларынан 23 окутуучу катышты.
Курсту лекторлор окутуу процессин уюштуруу боюнча жеткиликтүү азыркы талаптардын негизинде теория менен практиканы айкалыштырып өткөрүштү.
Добаев К.Д., Эсенгулова М. М., Турсунова Э.А., Осмонкулов Т.Т өз сабактарын жогорку деңгээлде өткөрүп берди, өткөрүлгөн сабагынын жыйынтыгында мугалимдерден тест алуу менен жыйынтыкташты. Курста угуучулар педагогиканын негиздери, билим берүүнүн жаңы тенденциялары, билим берүүдөгү компетенттүүлүк, окутууну уюштуруу ишмердүүлүгүнүн техникасы боюнча маалыматтарды алышты. Сабактарда тажрыйба алмашуу жана суроо жооп –иретинде абдан кызыктуу деңгээлде өткөрүлдү.
22-апрелде сертификат тапшыруу аземи өткөрүлдү.


