2026-жылдын 27–29-апрелинде Алматы шаарында DARYA SCAFFOLD программасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдорунун кесиптик өнүгүүсүнө арналган эл аралык тренинг өткөрүлдү. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан билим берүү тармагынын адистери катышты.
Аталган иш-чарага биздин «Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинен Курманалиева К.А. жана Урбаева А.Ж. катышып келишти.


Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар SCAFFOLD методологиясы аркылуу педагогдордун кесиптик өнүгүүсүн пландаштыруу, баалоо жана практикалык окутуу ыкмалары боюнча тажрыйба алышты. Ошондой эле эл аралык эксперттер тарабынан топтук иштер, симуляциялар жана практикалык сессиялар уюштурулду.

Иш-чара аймактагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча заманбап ыкмаларды жайылтууга багытталды.

