2026-жылдын 18–27-июнь күндөрү Манас шаарында ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде «Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары» темасында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча көчмө курс өткөрүлдү.

Курска Жалал-Абад медициналык колледжинин, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин, ЖАМУнун Чет тилдер колледжинин, ЖАМУнун Т. Бекболотов атындагы Аксы колледжинин, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжинин директорлору, администрация өкүлдөрү жана окутуучулары катышты. Жалпысынан 74 катышуучу билим алды. Алардын 63 аял, 11 эркек болду.

Курстун максаты: Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, администрация өкүлдөрүнүн жана окутуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологияларын, компетенттүүлүккө негизделген окутуу ыкмаларын, санариптик жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Курстун жүрүшүндө төмөнкү актуалдуу темалар окутулду:

— Билим берүүдөгү менеджмент: теориядан практикага;

— Билим берүүдөгү заманбап технологиялар;

— ЖОЖ жана ОКББдагы кредиттик технология: билим берүү системасындагы жаңы тенденциялар;

— Функционалдык сабаттуулук;

— Педагогикалык чеберчиликтин негиздери;

— Билим берүүдөгү компетенттүүлүк мамилеси;

— Ишкердик этикеттин негизги принциптери;

— SCAFFOLD  ыкмасынын негизинде компетенттүүлүккө багытталган сабактарды уюштуруу;

— Жумуштук жана билим берүүчү милдеттерди чечүүдө жасалма интеллект жана нейротармактарды колдонуу.

Курска  катышуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагындагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталды.

Курстун жыйынтыгында угуучуларга бекитилген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды. Угуучулар сертификат алгандан кийин, ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык