Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Республикалык илимий-методикалык борбор”- мекемесинде 2026 жылдын 13 –июль күнү Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлору менен өндүрүштүк жана методикалык иштер боюнча директордун орун басарлары (УПМР) үчүн курс “12 жылдык билим берүү шартында кесиптик лицейлерди башкаруунун заманбап модели: стратегиялык менеджмент, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү” багытында (Онлайн 100 саттык) аралыктан окуу курсу башталды.
Санариптик форматта уюштурулган бул курстун расмий ачылышы Zoom платформасы аркылуу өтүп, аны директордун орун басары А.Н. Саттарова ачып берди жана катышуучуларга программанын маанилүүлүгүн тааныштырды.

Курстун максаты: Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлору менен кесиптик лицей директорлордун орун басарларын стратегиялык башкаруу, билим сапатын башкаруу, жашыл экономика, жашыл көндүмдөр, санариптик трансформация жана заманбап лидерлик боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталды.
Окутуунун негизги максаты:
Жетекчилердин жана алардын орун басарларынын төмөнкү багыттар боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү;
-Стратегиялык башкаруу жана заманбап лидерлик4
-Билим берүүнүн сапатын башкаруу;
-«Жашыл» экономика жана «жашыл» көндүмдөр;
-Санариптик трансформация;
Бул курс педагогдордун кесиптик деңгээлин жана санариптик сабаттуулугун жогорулатат. Ошондой эле «жашыл» экономика принциптерин окуу программаларына интеграциялоого жол ачат. Жыйынтыгында кесиптик билим берүүгө инновациялык технологиялар кирип, эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык адистерди даярдоонун сапаты жогорулайт.
Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга электрондук сертификатка ээ болушат.

